Электрондук кабылдама
Урматтуу жарандар!
Электрондук кат аркылуу Гүлчө шаарынын мэриясынын дарегине кайрылган жарандарды кабыл алуу жана кароо тартиби менен жакшылап таанышып чыгууңуздарды өтүнөбүз.
Төмөндөгүдөй мазмундагы кайрылуулар кабыл алынбайт:
• Гүлчө шаарынын мэриясынын компетенциясына тиешеси жок маселелер;
• ченемдик эмес лексиканы жана кемсинткен сөздөрдү камтыган кайрылуулар;
• белгиленген тартипке ылайык күбөлөндүрүүчү реквизиттердин (кол тамгасы, мөөрү ж.б.) болушун талап кылган маселелер;
Жарандардын кайрылууларын кароо мөөнөтү:
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун максималдуу мөөнөтү кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпайт, ал эми каттоо жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып 1 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Кайрылууга жооп жаран анкетага көрсөткөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт. Анкетага туура эмес же такталбаган маалыматтар киргизилген учурда кайрылууга жооп берилбейт.
Электрондук түрдө кайрылуу жөнөткөн жарандардын жеке маалыматтары Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен иштетилет жана сакталат.
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы.