Гүлчө шаарынын тарыхы
Гүлчө шаары, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан административдик борбор болуп саналат. Шаар деңиз деңгээлинен 1 700-2000 метр бийиктикте, Алай тоо кыркаларынын этегинде орун алган. Шаардын калкынын саны 22600, кожолуктун саны 3987 түзөт. Андан сырткары 5500 жакын башка айыл өкмөттөрүнөн ички мигранттар жашайт. Кыргыз улуттун кошпогондо Гүлчө шаарында 5 улуттун өкүлдөрү жашашат. Буга чейин 1996-жылдын 20-мартынан баштап Гүлчө айыл өкмөтү болуп уюшулган. Карамагына Гүлчө, Таш-Короо, Кара-Булак, Жылы-Суу, Чакмак, Курманжан датка айылдары кирген.
Андан кийин 2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 токтомуна ылайык, Гүлчө жана Будалык айыл өкмөттөрү бириктирилип, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп түзүлгөн.
2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндөгү» №212 Мыйзамына ылайык, Гүлчө айыл аймагы Гүлчө шаары деп аталды.
Тарыхы жана географиясы:
Гүлчө шаарынын тарыхы бай жана көп кылымдарды камтыйт. Шаар аркылуу Улуу Жибек жолу өткөндүктөн, ал соода жана маданий байланыштардын маанилүү борбору болгон. Географиялык жактан айыл тоолор менен курчалган, бул шаардын климатына жана табигый шарттарына таасир этет.
Климаты:
Шаар климаты кыш мезгили жумшак, орточо температурасы -5°Cден -10°Cге чейин өзгөрөт. Жайы жылуу, орточо температурасы 20°Cден 25°Cге чейин жетет. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 300-500 ммди түзөт.
Экономикасы:
Гүлчө шаарынын экономикасы негизинен айыл чарбасына жана соода сатыка негизделген. Тургундар жеке ишкерлик, соода сатык, мал чарбачылыгы, дан эгиндерин өстүрүү, картошка жана жашылча-жемиштерди өндүрүү менен алектенишет. Шаарда чакан ишканалар жана соода түйүндөрү да иш алып барышат.
Инфраструктурасы:
Шаардын карамагындагы билим берүү мекемелеринин саны 11 бала бакча, 10 орто мектеп, 1 лицей интернат, 1 жеке менчик мектеп, 1 кесиптик лицей жайгашкан, саламаттыкты сактоо борборлору тагыраагы жалпы дарыгерлер практикалык борбору, тиш дарылоо эмкана жана жеке менчик тиш дарылоо борборлору бар. Маданият үйлөрү, музей, китепкана жана спорттук объектилер бар. Мындан сырткары Гүлчө шаарында райондук структурадагы 55 мекеме жайгашкан. Ошондой эле 5 кабаттуу жана 3 кабаттуу турак үйлөр бар. Жолдор жана байланыш түйүндөрү акырындык менен өнүгүп, тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда.
Маданияты жана салттары:
Гүлчө шаарынын эли өзүнүн бай маданий мурасы жана салттары менен белгилүү. Улуттук майрамдар, үрп-адаттар жана кол өнөрчүлүк өнөрлөрү муундан-муунга өтүп, сакталууда.
Туризм мүмкүнчүлүктөрү:
Шаардын кооз табияты, тоолору жана тарыхый жайлары туристтер үчүн кызыктуу багыт болуп саналат. Жергиликтүү бийлик туризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Тагыраагы Rest-Point эс алуу жайы курулат. Туристерге ыңгайлуу шарт түзүүдө, Сары-Ой участкасындагы “Раян”эс алуучу борборуна баруучу 10 км жолго асфальт-бетон төшөө иштери болот.
Гүлчө шаары өзүнүн тарыхы, маданияты жана табигый кооздугу менен айырмаланган, келечекте өнүгүү потенциалы жогору болгон шаарлардын бири.